"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз
Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий
потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң
жетишкендиктери үчүн бекитилген.
2022-жылдын 2-сентябрында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп
өттү.
Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча
агенттиктин директору Исмаилов Бактыбек Искаковичке "Кыргыз
Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу
наам ыйгарылды.
Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча
агенттиктин жамааты Бактыбек Искаковичти "Кыргыз Республикасынын билим
берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы менен чын жүрөктөн куттуктайт
жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.