Глоссарий

Глоссарий

Кириш сөз

Кыргыз Республикасындагы билим берүү программаларына жана билим берүү уюмдарына көз карандысыз аккредитациянын киргизилишине байланыштуу терминдерди жана маанилерди бирдей түшүнүү жана баяндоо зарыл. Анткени аккредитация процессине окуу жайлардын, окуучулардын, алардын ата энелеринин, жумуш берүүчүлөрдүн жана башка экономика секторунун, мамлекеттик органдардын жана граждандык коомдун өтө көп сандагы катышуучулары тартылат. Алардын көпчүлүгү бири бирине тааныш эмес же акредитация процессин начар билгендер, ошондуктан бул сөздүк көз карандысыз аккредитация боюнча керектүү маалыматтарды билүүгө көмөктөшөт.

Сөздүк окуу жайлардын өкүлдөрүн өзүн өзү баалоо отчётту жогорку сапат менен жазууга жана аккредитация өткөрүүгө жардам берет. Практикада аккредитация терминдерин анча туура эмес түшүнүү билим берүү программасы жана уюму боюнча өзүн өзү баалоочу отчёттун сапатсыз даярдалышына алып келет.

Сөздүк  окуу жайдын өкүлдөрүнүн өзүн өзү баалоо отчетун жогорку сапатта өткөрүлүшүнө жана жазылышына жардам берет. 22 окуу жайдын пилоттук аккредитациясындагы тажрыйба  көргөзгөндөй, аккредитация терминдеринин жаңылыш түшүндүрүлүшү билим берүү уюмунун же анын программасынын өзүн өзү балоочуу отчетунун сапатсыз даярдалышына алып келет. Өзүн өзү баалоочу отчет  болсо корутунду отчет менен кошо көз карандысыз  аккредитация таянган башкы документ болуп эсептелет.

Окуучулар, алардын ата-энелери, окутуучулар, жумуш берүүчүлөр жана башка окуу жайдын партнерлору менен  болчу интервью маанилүү болуп эсептелет. Сөздүк аларга өзүлөрүнүн ролун жакшы билишине жардам берип, өткөрүлүүчү  интервьюнун эффективдүүлүгүн жогорулатат.  Интервьюдагы пикирлер, ой жүгүртүүлөр, сындар, сунуштар аккредитациялык стандарттардын жана критериялардын аткарылышынын далилдери болуп эсептелет жана билим берүү программасынын же окуу жайдын сапатын жана эффектүүлүгүн  жогорулатуу боюнча эксперттик комиссия иштеп чыккан рекомендациялардын негизи болуп эсептелет.

Өзүн өзү баалоочу отчёт болсо сырттан баалоочу корутунду отчёт менен бирге көз карандысыз аккредитацияга таянган негизги документ болуп эсептелет.

Аккредитациялык репутация  - сунушталган (көргөзүлгөн) окуу жайдын (ОЖ) билим берүүчү программасынын (ББП) сапатынын коомдук аң сезиминдеги деңгээли. Окуу жайдын (ОЖ) билим берүү программасы (ББП) үчүн жогорку репутацияны анын натыжалуу бүтүрүүчүлөрү, сыйлыктары жана башкалар түзүшөт.

Аккредитациялык эркиндик – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, мугалимдердин жана мастерлердин оюу боюнча оптималдуу педагогикалык методдорду жана технологияларды колдонууга болгон алардын укугу жана мүмкүнчүлүгү.

Аккредитациялоо агенттиги - билим берүүчү мекемелерди аккредитациядан өткөрүүчү мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес формада (түрдө) түзүлгөн уюм.

Аккредитация агенттигинин финансылык кыймылы көбүнчө билим берүүчү мекемелердин акредитациялоочу жыйымдардын жана башка Кыргыз Республикасынын закону тыйуу салбаган булактардын эсеби аркылуу ишке ашырылат (өткөрүлөт) .

Аккредитациянын стандарттары – билим берүүчү мекемелердин жана программалардын минималдык талаптарды канааттандырышы.

Аккредитациялык критериялар – акредитациялык стандарттардын бөлүмдөрү, билим берүүчү уюмдар жана программалар алардын талаптарын канааттандырышы керек.

Аккредитация – акредитациялоочу агенттиктин бүтүндөй баалоочу процедурасы, анын өткөрүлүшүндө билим берүү уюмунун же билим берүү программасынын белгилүү критерияларга жана стандарттарга дал келүүсү таанылат.

Институционалдык аккредитация – бүткүл билим берүүчү уюмдун сапатын, деңгээлин баалоочу аккредитациялык процедуранын өткөрүлүшүндө билим берүүчү уюмдун же билим берүүчү программанын белгилүү критерияларга  жана стандарттарга дал келүүсү таанылат.

Программалык (адистештирилген) аккредитация билим берүү программасынын сапатынын деңгээлин баалоочу аккредитациялоо процессинин өткөрүлүшүндө билим берүү программасынын белгилүү критерияларга жана стандарттарга дал келүүсү таанылат.

Билим берүүнү сырттан баалоо – билим берүү уюму сунуш кылган билим берүү программасынын сапатын сырткы адистештирилген уюм аркылуу баалоо процедурасы. Бүткүл дүйнөдөгүдөй эле Кыргызстанда да сырттан баалоо акредитация түрүндө, Кыргыз Республикасынын закондоруна таянып, көз карындысыз аккредитациялоо агенттиктери тарабынан өткөрүлөт.

Билим берүүнүн сапатын документештирилген системада башкаруу – бүт пландарды, процесстерди, кыймылдарды, натыйжаларды жана билим берүүчү уюмдагы билим берүүнүн сапатына тийешелүү саясатты ишке ашыруунун документтештирилген системасы.

Таламдаш тараптар (стейкхолдеры) – Бүткүл ОЖ (ББП) бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку деңгээлде билим алышына таламдаштар – мамлекет, жергилектүү өзүн өзү башкаруучу органдар, окуучулар, алардын ата – энелери, ОЖ, ББП, жумуш берүүчүлөр, жана башка социалдык партнёрлор.

Минималдык талаптар (стандарттар) – аккредитациялануучу КРдин баштапкы жана орто кесиптик билим берүүчү мекемелери (ББМ) жана ББПлары, аларга коюлган аккредитациялык стандарттарды жана критерийлерди канаатандырышы керек.

Минималдык талаптар (стандарттар) – аккредитациялануучу жогорку кесиптик билим берүү мекемелери (ЖББМ) жана ББПлары, аларга коюлган аккредитациялык стандарттарды жана критерийлерди канаатандырышы керек.

Улуттук акредитациялык кеңеш (УАК) – Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы укук берилген органдын жана анын жетекчисинин башкармалыгынын алдында коомдук башталышта иштөөчү, кеңеш берүүчү , акредитациялык кеңештин маселелерин жана ишин ачык жана коллегиалык түрдө кароочу орган.

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты – илимпоздор, педагогикалык же тейлөөчу (камкордук) кеңеш бекиткен билим берүү уюмунун документтери жана пландаштырылган иштери, процедурасы, анын ишке ашырылышы билим берүүнүн сапатын жогорулаттууга багытталат. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты (жок дегенде) өзүнө минималдык миссияны, стратегиялык жана күндөлүк планды, билим берүүнүн максатын, окуутунун результатын жана дагы сапатынын менежментинин системасын (сапатты башкаруу системасын) камтыйт.

Улуттук аккредитациялык кеңеш (УАК) жөнүндөгү жобо – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилет, Улуттук аккредитациялоочу кеңешти түзүү тартибин жана иштешин регламенттеген документ.

Аккредитациялоочу агенттикти билим тармаганда таануу – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген аккредитациялоо агенттигин таануунун тартибин регламенттеген документ. Таанылган аккредитациялоо агенттиктери аккредитация процедурасын өткөрүүгө укук алышат. Бул УАКтын иштеши үчүн башкы документ.

Билим берүүчү мекемелерди жана программаларды аккредитациялоо боюнча жобо – КР мамлекетинин өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, аккредитацияны өткөрүү тартибин регламенттеген процедура. Бул аккредитациялоо агенттигинин иштеши үчүн башкы документ.

Аккредитацияны өткөрүү процедурасы

Аккредитациялануучу уюмга коюлган минималдык талаптар жана дагы анын аккредитациядан өтүшүнүн же аккредитациядан өтпөй калышынын тартиби Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан орнотулат.

Аккредитациялоо агенттигинин таанылышы – улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан ишке ашырылат. Таанылышын же таанылбай калышын Кыргыз Республикасынын өкмөтү чечет.

Билим берүүнүн максаты - Билим берүүчү программа максатына жетиши үчүн анын бүтүрүүчүлөрү алган кесибинде жетишээрлик ийгилик менен кесиптик компетенциясын формага келтириши керек. Билим берүүнүн максаты окутуунун результаты катары окуучу бүткөн моментте эмес, тажырыйба алып, специалист катары формага келгенде гана жүзөгө ашат.

Окуутунун жыйынтыгы  – кайсы бир окуу пландын бирдигин (дициплина, предмет, практика ж. б.) ийгиликтүү өздөштүүрүсүн кайсы-бир контролдун формасы аркылуу далилдөө. Окутуунун результаты окучуунун бүткөн убагында билинет.

Референт – аккредитацияны өткөрүүнүн методологиясын, стандарттарды жана критерияларды пайданалууну, эксперттердин мүчөлөрүнүн өз ара иштерин уюштуруну, акредитацияны өткөрүү эрежелерин сактоону, экспертизанын объективдүү өтүшүн, акредитациянын бүткүл процессинде ишке ыңгайлуу, кайрымдуу абалды түзүүнү окуп үйрөнгөн кызматкер.

Аккредитация боюнча эксперт – экспертизаны, аккредитация стандарттарын жана критерияларын пайдаланууну, интервью өткөрүүнү, жана б. н., окуп үйрөнгөн, билим берүүчү уюмду же программаны сырттан баалоого даяр болгон кызматкер адам. 

Бөлүшүү :