Жогорку билим берүү тармагындагы өнүгүү тенденциялары жана инновациялар

  • dae5381c-be56-4be6-b2c5-2434e9b1ffdf
  • 444c791c-448f-4dfc-a0f7-58a226de63c6
  • 2f80f5e6-8f71-42c9-a49b-57d5adf9acdd
  • aa0b364d-2ff7-4bca-9aec-2ff21fff508d

2025-жылдын 6-февралында Ош мамлекеттик университетинин базасында жогорку кесиптик окуу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ББПУАА) тарабынан уюштурулган "Жогорку билим берүүдөгү өнүгүү тенденциялары жана инновациялар" аталышында маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарада ББПУААнин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөнкү тематикада презентациялар жасалды:

1. “Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат”;  

2. "Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо боюнча мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр";

3.  "Аккредитациялануучу билим берүү программаларына философия доктору (бүтүрүүчү)/профили боюнча докторго коюлуучу минималдуу талаптар";

4.       "Жогорку билим берүүдөгү өнүгүү тенденциялары жана инновациялар".

Баяндамачылар чыгып сүйлөгөндөн кийин бүгүнкү күндө КР Жогорку окуу жайлары изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизүү, жаңы технологияларды жана өнөр жай продуктыларын иштеп чыгуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишти олуттуу күчөтүүсү зарыл экендиги белгилүү болду.

Биздин ЖОЖдордун бизнес менен кызматташуусу өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй активдүү эмес. Ошондуктан бул резервди жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн колдонуу керек.  Мунун баары 3.0 университетине өтүүнүнүн зарыл экендигин билдирет.

Аккредитациялоо процесси биздин ЖОЖдордун сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга олуттуу таасирин тийгизет жана алардын дүйнөлүк жогорку билим берүү рыногуна чыгуусуна өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү :

Заявка калтыруу

 Сиздин заявка ийгиликтүү жөнөтүлдү. Биз жакында байланышабыз.
Error: Кайра кайталап көрүңүз