Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агенттиктин иши жөнүндө маалымат

  • image-29-12-23-08-47-1
  • image-29-12-23-08-47
  • image-29-12-23-08-47
  • image-29-12-23-08-47-1
  • image-29-12-23-08-47-4

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агенттикти 2022-жылы Бүткүл дүйнөлүк медициналык билим берүү Федерациясы (WFME) тааныган.

 

2022-жылы ААОПО ошондой эле Кюрасао штатынын аймагында аккредитация жүргүзүү укугун берген, Кюрасао Элчиси жана Өкмөтү тарабынан таанылган.

 

ААОПОнун башка агенттиктерден айырмаланып биринчи өзгөчөлүгү, ал 2009-2016-жылдары көз карандысыз аккредитациялоо чөйрөсүндөгү Германиялык жана Европалык тажрыйбанын негизинде, "Кесиптик билим берүү жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү" программасынын натыйжасында пайда болгон.

 

Экинчи өзгөчөлүк- ААОПОнун негизги кызматкерлеринин кесиптик билим берүүдөгү чоң тажрыйбасы.

 

Үчүнчүдөн, ААОПОнун негизги кызматкерлери Германияда, Бельгияда жана АКШда аккредитация боюнча окуудан өтүшкөн.

 

ААОПО мындан тышкары, өз ишин тынымсыз өркүндөтүү үчүн эл аралык тажрыйбаны жана илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын колдонууга аракет кылат.

 

Үстүбүздөгү жылы Сент-Мартин университети, ААОПО жана Кюрасао өкмөтүнүн өкүлдөрү тарабынан эл аралык аккредитация келишимине кол коюлган.

 

Ушул жылдын күзүндө ААОПО Виллемстаддагы Сент-Мартин университетинин институционалдык жана программалык аккредитациясын өткөрдү. Комплекстүү баалоо университеттин ар кандай иштерин жана анын программаларын ААОПО тарабынан белгиленген катуу критерийлерге жооп берүүсүн камтыды.

 

Ушул баалоонун натыйжасында, 2023-жылдын 4-декабрында аккредитациялык кеңеш Сент-Мартин университетинин жана анын программаларынын эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктап, университетти жана анын программаларын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялаган.

 

27-декабрь 2023-жылы Кыргызстанга Сент-Мартин университетинин ректору доктор Мурали Гинжупалли жана Индиядан келген негиздөөчү-Башкы директор Камендра Дахат Мырза келишкен.

 

ААОПОнун директору т.и.д., профессор Исмаилов Бактыбек Искакович эл аралык программалык жана институционалдык аккредитациялоонун жыйынтыктары боюнча сертификаттарды доктор Мурали Гинжупаллиге расмий тапшырды.

 

Жолугушуунун негизинде ААОПОнун Кюрасао медициналык университеттери менен жемиштүү кызматташуусунун мындан аркы кадамдары талкууланды.

Бөлүшүү :

Заявка калтыруу

 Сиздин заявка ийгиликтүү жөнөтүлдү. Биз жакында байланышабыз.
Error: Кайра кайталап көрүңүз