Программалык аккредитация
Программалык аккредитация – билим берүүчү программаны баалоо процедурасынын максаты анын мамлекет тарабынан коюлган билим берүүчу стандартардан төмөн эмес критерийлерге жана талаптарга дал келүүсүн аныктоо эсептелет.
Программалык аккредитация – конкреттүү программаны (же тектеш программалардын группасын), окутуу планын, программа менен окутуунун багытын, ошонун ичинде конкреттүү программаны ишке ашыруудагы уюштуруу маселелерин аккредитациялоону көзөмөлдөйт.
Кыргызстанда закон аркылуу программалык акредитациянын бир түрү орнотулган, аны ийгиликтүү өтүү менен билим берүүчү уюм мамлекеттик же өздүк үлгүдөгү документ берүүгө укук алат.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн билим берүүчү мекемелерге жана программаларга (чектелген стандарттарды баалоого) коюлган талаптары институционалдык акредитация жана программалык аккредитация үчүн да пайдаланышы мүмкүн.