Аккредитация боюнча эксперттер
Акредитация боюнча эксперттер төмөнкү талаптарды канааттандырышы керек.Эксперттер экономиканын тармагына (жумуш берүүчүлөргө) ылайык өкүлдөрдөн тандалат, себеби алар гана ишкерлерге кандай компетенция керек экенин билишет. Бирок алар билим берүү процессин жеткиликтүү билишпейт, ошондуктан эксперт катары кесиптик окуу жайдын мугалимдери да тартылат. Алар окуу процессинин метологиясын, технологиясын, уюштуруусун билишет. Анткени алар билим берүү программасынын сапатын жана эффективдүүлүгүн баалай алышат. Мына ошентип экономика жана кесиптик билим берүү секторлорунан тандалган эксперттер бирин бири өз ара толукташат.
Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоочу агентиги (ББПУАА) эксперттерди даярдаш үчүн экономика жана профессионалдык окуу жайлардан рекомендацияланган кандидаттарды чогултат . Андан кийин кандидаттар ББПУААга төмөнкү документтерди беришет.
- Жетекчилигинен алынган жазуу түрүндөгү рекомендация.
- Жогорку билими тууралу диплом.
- Илимий даражасы жөнүндөгу диплом (эгер болсо).
- Экономика же билим берүү чөйрөсүндөгү тажырыйбасы тууралуу документ (5 жылдан аз эмес болушу керек).
- Публикацияларынын тизмеси. (эгер болсо)
- Квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү тууралу документ.
ББПУАА ылгап алгандан кийин тандалган кандидаттар окутуп даярдоочу семинарга чакырылат. Даярдоону ийгиликтүү аяктагандар эксперттин сертификатын алышат жана алардын тизмеси эксперттик маалыматка кошулат. Билим берүүчү уюмдар жана программалар акредитацияланган учурда ББПУАА эксперттик комиссия түзөт, ал билим берүү уюмунун же окуу жайдын бааланышынын негизинде акредитациядан өткөндүгү/өтпөгөндүгү жөнүндө чечим чыгарат. Эксперт иштин башталышында эксперттик ишти өткөрүү боюнча арыз жазат.
Эксперттерге ББПУАА берген мүмкүнчүлүктөр
- Билим берүүнүн сапатын көз карындысыз баалоо боюнча заманбап жана ыңгайлуу методикаларды окутуп үйрөтөт.
- Билим берүүнүн сапатынын гарантиясын камсыздоо боюнча тренингдерге жана семинарларга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
- Сапаттын менеджментинин системасын баалоо боюнча процедураларга катыша алат.
- Консалтинг иштери боюнча тажырыйба ала алышат.
- Эксперттер билим берүүнүн сапатынын гарантиясы боюнча эксперттерди даярдоочу эл аралык пргграммаларга катыша алышат.
Эксперттерге коюлган инсандык талаптар.
- Аналитикалык акыл өзгөчүлүгү
- Адал ниеттүлүк
- Калыстык
- Командада иштей билүү
- Результатка жетүүгө умтулуу
- Уюшкандык
- Жоопкерчиликтүүлүк
- Стресске туруктулук (чыгамдуулук)
- Ооз эки маамиледеги (байланыштагы) чеберчилик
- Жазуу жүзүндөгү мамиледеги (байланыштагы) чеберчилик
- Өз алдынча жана көз карандысыз жыйынтык жасоо жана чыгаруу жөндөмдүүлүгү
Тандоого (иликтөөгө) катышу үчүн документтер.
- Документтерди тапшыруу (электрондук формада жөнөтүлүшү мүмкүн e-mail: jiyde.jeenbaeva@gmail.com)
Аккредитациялоодогу эксперттик ишти жасоо боюнча арыз (35.б. көрсөтмөнү карагыла)