Референттерди үйрөтүү (даярдоо, окутуу)
Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо боюнча референттерге көрсөтмө (колдонмо).
Референт аккредитацияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча башкы жоопту кызматкер болуп эсептелет. Анын жумушу билим берүүчү уюмдарын жана программаларын акредитациялоочу агенттигинин нормативдүү документтери менен регламенттелет. Референт аккредитациянын жүрүшүн нормативдик документтер аркылуу көзөмөлдөйт.
Референттин укугу жана милдети
Референттин милдети:
- Аккредитациялоо процессин башынан аягына чейин уюштуруу.
- Эксперттерди өз учурунда керектүү өзүн өзү баалоочу информациалык материалдар жана отчеттор менен камсыздоо.
- Эксперттик группанын нормативдик документтерге ылайык даярдаган корутунду отчетун көзөмөлдөө.
- Керектүү материалдарды аккредитациялык кеңешке чечим чыгаруу үчүн даярдоо.
- Аккредитациялоочу кеңештин мүчөлөрүнө өз учурунда керектүү материалдарды аккредитациялык чечим чыгаруу үчүн даярдап берүү.
- Аккредитация процессин өркүндөтүүгө катышуу.
Референттин укугу
- Эксперттин ишин керек болгон каалаган учурда токтотуу.
- Экспертти ар кандай керектүү убакта чакыртып алуу.
Акредитацияны өткөрүу процесси:
- Даярдоочу этап.
- Билим берүүчү уюмга баруу.
- Жыйынтыктоочу отчетту даярдоо.
- 1. Даярдоо этабы
- Билим берүү уюмуна керектүү информациалардын материалдары тиркелген катты жөнөтүү.
- Билим берүү уюмунун өкүлдөрүнө консультация өткөрүү.
- Билим берүү уюму менен аккредитация өткөрүү боюнча келишим түзүү.
- Жумуштун графигин макылдашуу.
- Өзүн өзү баалоо боюнча отчетко кошумча жанаөзгөртүлгөнрекомендацияларды киргизүү.
- Эксперттердин группасын талдоо (иргөө) жана түзүү.
- Экспертерди инструкциядан өткөрүү.
- Эксперттердин объективдүү болушу боюнча өз арыздарына кол койдуруу.
- Эксперттерди аккредитацияга керектүү документтер менен тааныштыруу.
- Билим берүү уюмдунда өткөрүлүүчү интервьюнун убактысын макулдашуу.
- Эксперттик группанын жумушун, тамактануусу жана жашоосун уюштуруу боюнча шарттарды чечүү.
- 2. Билим берүү уюмунун ишине катышуу
- Билим берүү уюмунун ишине катышуу
- Эксперттерди катышуу убагында коштоп жүрүү.
- катышуу программасынын тактыгын сактоо
- Интервьюнун уюштурулушу жана протоколдонушу.
- Корутунду отчеттун материалдарын даярдоону контролдоо (анын бүтүшү катышуунун жыйынтыгына даяр болсо, талапка жооп берет)
- Эксперттердин өз арызындагы жумушунун шарттарын аткарууга даяр экенин контролдоо.
- 3. Корутунду отчетту жана материалдарды Акредитациялык кеңешке даярдоо.
- Алгачкы материалдарды, рекомендацияларды (сунуштарды) текшерүү жана корутунду отчетту түзүү боюнча консультация өткөрүү.
- Корутунду отчетту билим берүүчү мекемеге жөнөтүү жана керек учурда коррекциялоо ( түзөтүү).
- Корутунду отчетту билим берүү уюмуна жана эксперттерге жөнөтүү
- Бардык керектүү материалдарды чечим кабыл алуу үчүн Аккредитациялык кеңешке берүү.
- Арыздын негиздүүлүгүнүн текшерүүсүн уюштуруу.
- Материалдарды корутунду чечим кабыл алууга даярдоо.
- Аккредитация процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү.